Kostenlos

Бабалардын жанырыгы

Text
Als gelesen kennzeichnen
Schriftart:Kleiner AaGrößer Aa

– Ме күлүгүң менен бүркүтүңдү алгын, эгер дагы Бөрүбай тийшсе мен анын жазасын мындан дагы катуулатам.

Ал байгенин баардыгын Желдеңге бердирди. Ошентип бул иш калыстык менен чечилди. Анын калыстык баяны эл оозунда тарап, жерден-жерди, элден-элди аралап жүрүп отурду. Тагай бий өтө калыс эле ошонусу менен эл-журтка алына баштаган. Ал жаш кезинен эле элдик адам болуп, эзилген адамдарга болушуп, байларга өтө ырайымсыз болгон, ошол жакшы сапаты элдин канына эчак эле сиңип кеткен эле. Бул көрүнүштөн төмөндөгүнү баамдоого болот. Калыстык болгон жерде баары оңолуп иш жакшы жагына көчөт. Эгер элде калыстык болбой журт бир-бирине күч колдонсо, ошол кыргыздар баш ийип турган кандуу Моголстандын оор заманында журт тентип кеткен жатпайбы. Тагай бий муну терең түшүнүп, элди бирдей тең укуктуу тартипте кармаган.

Тагай бий жаштайынан Бермет деген кара торунун сулуусуна үйлөндү. Бермет боюу узун, шыңга болйуу өтө акылдуу бийдин кеңешчиси болгон. Бийге көптөгөн туура акылды берген асыл жар эле. Анын Богорстон, Койлон, Сарбагыш деген балдары болгон. Айрыкча кичүү уулу Сарбагышты кыйналып жатып төрөдү. Ана төрөп жатып эне көрбөгөн азаптарды көрдү, Аз жерден төрөттүн оордугунан өлүп кала таштады. Ал баарынан ушул кичүү баласын жакшы көрүп аяган. Баланын мойну бир жагына тартылып кыйшык өсүп калды. Эне баланын мойнунун кыйшык өскөнүн көрүп аяп аябай жаны кейиген. Ал Тагай бийге ыйлап- сыктап:

– Самаркандык мыкты дарыгерлерге көрсөтүп баланын мойнун оңдотолу. Балким ошолордун колунан жакшы иш келеер.

– Ал кудайдан теңирим аны ошондой жаратты.

– Бирок ошондой болсо да баланын мойнун көрүп аны аяй берем.

– Ага капа болбо бу баланын аты Манастын жакын көргөн адамы Элтабар баатырдын уулу Сарбагыш деген түпкү бабабыздын атынан койгом.

– Ошондой болсун, ошол баатырдын арбагы баланын келечегине жар болоор.

– Болот көрөөрсүң менин ишимди ушул бала улантат. Бул уулуман көптү күтөм.

Ошол иш ошол болду.

***

Айлана небак бозомук өңгө бөлөнүп, асман сургулт тартат. Мезгил жетинин айынын башталышы эле. Бир жумуштар менен Тагай бий беш жолдошун ээрчитип, белде кетип бараткан. Атчандар коктудан түшө бергенде өгүз минип келаткан бир адамга жолукту. Тагай бий аттан түшө калып, өгүзчөн улгайган адамга салам узатты. Тайгай бийди туурап беркилер да аттан түшүп, саламдашты. Алар ар дайыма бийди урматтап жүрөөр эле.

– Уулум жол болсун кайда жол улантып бараттың эле?

– Богорстон баламдыкыкнаа бараткам.

– Ал уулуң жакшы турабы, аялы ооруп жатат,-деп эшиттим эле.

– Жакшы болуп калды белдеги конушунан ылдый түшкөн, саламдашып ал абалын сурап келейин,– дегем.

– Аның жакшы уулуң менен кабарлашып турганың ийги иш.

– Өзүңүз кайда баратасыз?

– Кайда бармак элем үйгө эле.

– Атыңыз эмне болду өгүз минип?

– Каран калгыр өткөн кыштагы жуттан жылкы баласы кырылбадыбы.

Тагай бийдин өңүнө капалык келип, атынын тизгинин тиги карыяга карматты.

– Бобул атты минип кетиңиз.

– Койчу балам биздей карыяга өгүз эле жарашат. Бир бутум көрдө салаңдап турбайбы, муну балам өзүң эле мин. Бул жүз койго же бир айгыр үйрүнө алмашкыс камбар атанын асыл тукумунан тура.

– Жок ата астыңызга ат тартып жатам, колду уялтпай минип кетиңиз баркыңыздан ушул ат улук беле, мен алдагы өгүзүңүздү минип кетем.

Бийдин жанындагы адамдар жаалап жиберишти:

– Миңиңиз бий тартуулап жатат. Бий атсыз калмак беле.

– Капа болбоңуз, өгүздөн түшүңүз.

Жигиттер карыяны өгүздөн түшүрүрп, бийдин келишкен жорго атына мингизип, өгүздүн мурунтугун мүйүзүнө түрүп, коё беришти.

Карыя ыраазы болуп күлүп:

– Ырахмат Тагай балам, тим эле койсоң болмок, чоң жорго ат мингенде мен да бий болуп калбадымбы –деп токтоно албай карс-карс ыраазы боло күлдү.

– Тагай балам, Жар Кыянын этегиндеги Жылуу Булакта кыштоодобуз Ошол жер биздин турагыбыз. Убактыңыз болсо барып, үйдөн бир чөөгүн чай иче кет. Сени да ыраазы кылаармын балдар бар эмеспи.

– Жок ата, ошол да болмок беле биз эмне акылашып жатабызбы, чай ичип эле жүрөбүз, кол бош болуп калса, сөзсүз жолугам.

Тагай бий карыя менен коштошту. Бул карыя Тагай бий он беш жашында, тай үрөтүп жүрүп, азоодон жыгылып, буту сынганда аны таңып кадимки өзүндөй кылып айыктырган. Колу эмсек куранды арабча бүт окуган касиеттүү молдо пакиза таза адам эле. Ал кезинде түштүктөгү молдолордон динди терең окуган адам болчу. Тагай бий сол, оң канатка жана ички кыргыздарга мусулман динин таратып, аны менен элдин жан дүйнөсүн оңдоого киришкен адам болчу.

***

Эки күндүн биринде күн күркүрөп, айлана текши жаңы түргө өтүп, жаңы чөп өнүп, касиеттүү жер эне жаңылана баштады. Айрыкча нымдуу тескей беттерде өсүмдүктөрдүн өсүшү өтө тез. Коктуларда, түзөңдөрдө эртең менен туман калыңдап, күн суук болсо, өйдө карай өрдөп жылат.

Ушул туман каптап турган күнү Тагай бийдин айлына кочкор мурун кашкар чапан кийген көзү ачык сынчы келди. Аны бий коноктоп, анан үч баласын чакырды. Сынчынын алдына Богорстон, Койлон, Сарбагыш келип отурду. Сынчы үч баланы сынап көпкө ойлонуп отурду.

– Буюрса, булардын өмүрү узун болуп, маңдайында жылдыздары жанып турат. Бар болгула балдарым!-деп аларды кетирип жиберди. Улуу балаң Богорстондун тукумунан жортуулчу, баатырлар көп чыгып, элин коргойт жана элдин тогу болот. Булар жердин жакшы жерин ээлейт деген экен. Койлон балаңын тукумунан корооздонгон сыпаа кишилер көп чыгып, өзүн жогору санаган нымактуу эл болот. Акыры кичүү уулуңан эл бийлеген адамдар арбын болуп, ошондой эле баатырлар көп чыгат. Бирок такыр ынтымагы жок журт болот. Тукуму бир-бири менен жоолашып, чабыша берет,– деген экен кайгыланып.

Ошентип сынчы Тагай бийдин үч баласын сындады. Тагай бий сынчыга жорго мингизип узатты. Албетте байыркы санжыраларда ушундай баяндар көп айтылат.

***

Тагай бий балдарына жер бөлүп бере элек эле. Ага жакындары айтты:

– Ардактуу бий балдарыңа конуш бөлүп бер, алар ошол жерди мекендеп, душмандан коргоп, элин адилеттүү башкарганга үйрөнсүн,– дешти.

Убакыт көп өтпөй бий аксакалдар менен дөңдө отуруп, үч баласын жанына чакырды.

– Балдарым мен улгайып баратам, силер бой тартып калдыңар, мен силерге конуш бөлүп берейин,-деди ойлонуп.

– Улуу балам Богорстон сага Сары Өзөн Чүйдү кыраан ак шумкарымды берейин улгайганда берекелүү ушул чөлкөмдө ит агытып, куш салып, армансыз жашагын. Бул аймакты элиң душмандан сактап, журтуң бакубат турсун. Экинчи балам Койлон сага Мөмөсү бышып жетилген кереметтүү түштүк жерин берейин, үстүнө мингениңде суу төгүлбөс акбоз жоргому алгын. Ошону менен түштүк жеринде жорго салдырып, журтуң менен аман-эсен жашап жүрө бер. Үчүнчү балам Кылжыр сен улуу балаң Орозбакты менен касиеттү көлдүн эки бетин ээле, кичүү уулуң Дөөлөсбакты Нарын, Чоң Кемин, Кичи Кемин жерлерин мекендеп, Алатуяк күлүктү чаап өз жерин душмандарына жолотпой бактылуу жашасын жана дагы жер талашпай, уруу-уруу болуп чабышпасын ал жаман апаатка алып келет,– деп ата көп акыл-насаатын айткан экен. Эл дагы, балдары да бийге аябай ыраазы болду. Убакыт өткөн сайын анын кадыр баркы арта баштады. Ошол кезде бул чоң чөлкөмдү Чынгыз хандын тукумдары Моголдор башкарып турган экен. Алар каардуу эзүүчү, өздөрүнө каршы баш көтөргөндөрдү жок кылып турган. Тагай жалпы кыргыздарга бий болуп шайлангандан кийин, Жунустун уулу Ахмад, анын уулу Султан Халил анын иниси Султан Саид менен жакшы мамиле түздү, алар эмне десе ошону аткарып туруш керек болгон. Тагай бий бул чөлкөмгө айрыкча, өзбек, казак элине кадыр-барктуу болгон. Моголстандын ханы Тагайды конокко чакырып, жалпы маселени аны менен бирге чечеер эле. Моголстандын бийлөөчүлөрү Тагай бийдин кайратынан корккон. Алар бийди кыргыздарды бириктирип, Моголстандын бийлөөчүлөрүнө каршы чыгабы деп кооптонушкан. Бий азыркы Барскон аймагында жалпы кыргыздарга хан болуп көтөрүлүп, өзүнчө көз каранды эмес мамлакет болууга аракет кыла баштаган. Тагай бий өзүнчө күчтүү армия түзүп, армиянын тартибин Темирландын тактикасын пайдаланган. Бийдин жоокерлери Султан Саиддин жана анын уулу Рашиддин жоокерлери менен далай жолу беттешет. Акыры Могол бийлөөчүлөрү Тагай бий менен мамиле түзүп тынчып калышкан. Бирок Султан Саид тынч жаткан кыргыздарга чабуул коюп каргыз армиясы жеңилип калып, Тагай бий колго түшүп, Кашкарга ак үйгө алынып келинген. Аны жок кылуудан Моголстан бийликтери корккон. Аны ошол жерде бий катары кармап турган. Кашкарда Могол бийлөөчүлөрү Тагай бийге баардык шартты түзүп берген. Ага бул жерде жалгыз өмүр сүрүү көңүлсүз болгон. Ошол үчүн ал үйлөнүп алып жашоого мажбур болду.

Тагай бий хандын багын аралап көңүл ачып жүрдү. Ал бакта эмне деген гана өсүмдүктөр жок. Алыскы Коконд, Маргалаң, Кытайдан, Индиядан алынып келинген түркүн өсүмдүктөр, көз жоосун алган гүлдөрдүн ар кандай түрлөрү. Бак ичинде түркүн куштар үн безеп адамдын көңүлүн көтөрүп алда кайда бийиктикке жетелеп жүрүп отурат. Араакта көйкөлгөн мажүрым талдын түбүндө үч сулуу кыздын сүйлөшүп турганы Тагай бийдин көзү чалды. Ошол кыздардын ичинен бирөө бийге өзгөчө жагып туруп алды. Мойну койкойгон, кыр мурундуу, ак жуумал кара көз, кара каштуу, калың олоң чачтуу кулпунуп турган кыз эле. Тагай бийге ошол кыз өзгөчө жагып турду. Бий алардын жанына барып ийлип салам берди. Сулуулар Тагай бийдин саламын алик алышты. Бийдин көзү жанагы сулууга тигилип туруп алды, кыз бийдин көзүн тике карай албай башын жерге салды. Бий да кыздын сылыктыгынан ыйбаа кылды.

– Кайсы тараптан келдиңиз эле?

– Анжияндык кыргыз кызымын.

– Урууңуз кайсы?

–Карабагыш уруусунанмын.

– Тилиңиз өзбекке жакын го.

– Бизде өзбектер менен кыргыздар аралаш жашайт.

– Быякка кандайча жол менен келдиңиз эле?

– Бул жерде Алимжан агам бар. Хандын багын тейлеген эң мыкты адам. Мен ошону менен бир келгем.

– Ата-тегиңиз эмне иш иштейт.

– Дыйканчылык эгин эгип, суу сугарат.

Ошентип ар дайым кечте Тагай бий Зулайка менен жолугуп жүрдү. Акыры Зулайка да Тагай бийди жактырып калды. Бий үйлөнүү жөнүндө ханга өтүнүчүн айтты. Хан бийдин өтүнүчүн жактыруу менен кабыл алды. Экөө үйлөндү. Зулайка өтө боорукер, назик, эмгекчил ургаачы эмеспи. Ал экөө бир канча жыл жакшы жашады Бирок Тагай бийдин санаасында бир нерсе кетпей турду. Ал турак жайын ата-журтун туулган жерин сагынды. Эли журтум эмне болду? Арыда калмак чагымчылары турат. Ошолордун чапкынына кабылган жокпу? Балдарым Богорстон, Койлон, Кылжыр эмне кылып жатты экен. Жөнөкөй момун элинин жашоо шартын ойлонот.

 

Ардактуу Султан Саид бүгүн сый урмат үлпөт уюштуруп, үстөл үстү ар түркүн жер-жемиш, набат жана башкаларга толгон. Бийдин көңүлү ачылып, хан менен жакшы мамиледе сүйлөшүп отурду. Экөө анда-санда жүзүм шарабынан жутуп коюп жатышты.

Бий ханга туулган жерин сагынганын ал жакты бир көрүп келүүнү каалап турганын айтып өттү.

Экөө дагы көпкө аңгемелешти.

Хан бийди жактыруу менен карап:

– Баргыңыз келсе кайсы учурда жолго чыккыңыз келет?

– Улуу даражалуум, уруксат берсеңиз бара берсек болот эле, ата-конуш эмне болду, – деп эки көзүбүз төрт болуп жайнайт.

– Анда аз күндөн кийин кам-чомуңузду көрүп кайта берсеңиз болот. Моголстандын арстандары Чынгыз хан орнотуп кеткен чөлкөмгө үстөмдүк жүргүзүш керек. Алык-салыкты кемитпей учурунда жөнөтүп тургула. Эгер менин сөзүмө турбасаңар түп оордуңар менен чабылып азап тартып каласыңар.

– Ошондой болот ардактуу Султан Саид баардыгы сиз айткандай болот.

Ошол сөз ошол болду. Анан он беш күндөн кийин Бий ата ата-журтка кайтууга камынды. Кетеерде жары Зулайка таарынып:

– Эми кетесиңби мени кимге таштайсың?

Ортодо жымжырттык. Аз жылдар болсо да бирге жашап, бир-бирине мамилеси төп келишип, ынтымактуу өмүр өткөрүп жатышпады беле.

– Эмне кылам хан эркиндик берип, кетүүгө мезгил жетти. Биздин да душмандарыбыз көп эле, алар биздин элге кол салып, жерин талашып жатпаса болду.

– Мен тиякка барып, баш аякты жыйып кайра келип сени алып кетем.

– Кетишиңиз жүйөөлү болуп жатат, бирок менин боюмда бар эмеспи. Аны кандай кылабыз?– деп ургаачы көзүн жаштады.

Үн жок үйдүн ичин жымжырттык аралады. Бир гана кашка чымындын ары-бери учканы даана угулат. Бийдин жанында «кетпе» деп Зулайка жары көзүн жаштап турат, кетпейин десе ата мекени күтүп жатат. Тагай бий эки ыңгайсыз абалдын ортосунда калды.

Ал башын жерге салып:

– Эмне кылабыз тагдыр ушундай деп шыбырап жатпайбы,-деди.

– Мен эмне келип-кеткен кишиден эле боюма бүтүп калгандай таштанды аял белем.

– Жок антип ким айтып жатат. Сени ала кетем. Сен менин нике кыйган асыл жарым эмесиңби.

– Түндө түш көрсөм сиз тоонун ары жагында, мен тоонун бери жагында болуп калыппыз. Кыйкырсам да эмнегендир үнүм жетпейт.

Тынчтык. Дабыш жок. Эки ортодо аянычтуу абал өкүм сүрүп турду.

– Мен бир жолу кетпейм, Ала Тоо бул жерде эле эмеспи.

– Билбейм көп эле кишилер келип кеткен алардын аздары гана кайрылып келишкен.

– Сиздин келгениңиз, кеткениңиз мага эсеп эмес, кеп курсактагы балада болуп жатпайбы.

– Анда сени ала кетейин.

– Мен көчмөн турмушка ылайыксызмын, өмүрүм бир жерде өткөн. Анын үстүнө боюмда болуп турганда кантип жол тартам, күз күнү суук болуп турганда, суука кабылып жок болом. Катуу суукка чыдамым жок.

Тагай бий эмне кылаарын билбей калды. Ал Зулайканы сыга кучактап, аял бышактан үн чыгарып ыйлоодо. Бул ажырашуу аянычынын коштошуунун күйүтү болчу. Алар эртеңки армандуу ажырашууну ойлоп жатышты. Экөө түн боюу баягы жолуккан күнүнөн тартып, ушул кезге чейинки күндү бир баштан эскерип чыгышты. Тагай бий үчүн бул жер жакшы эле. Бирок тиякта ата-журту чакырып жатпайбы. Улуу тоонун тентек жели булуттары, шок суулары, ата-журту чакырып жатпайбы.

– Мен сиздин мекениңизге бара албайм, бирок баланы эмне кылам?

– Эгер жаратканым колдоп аман-эсен төрөп алсаң баланы алып кетем.

– Келип алып кете албай калсаңчы?

– Анда белгими берип кетем.

– Эмне белги?

Тагай бий ойлонуп калды:

– Менин белгим күмүш бычак болот. Ал белгилүү чебер устанын колунан жасалган.

– Эгер муну бала жоготуп же жол баратканда бирөөгө алдырып жиберсечи?

– Ага кошуп болот өгөөнү берем. Төштүк өгөө үчүн жердин жети түбүнө түшүп кеткен.

Зулайка ойлонуп калды да:

– Мелиңиз экөөн тең таштаңыз.

Ошентип алар түн боюу сүйлөшүп эскерүү түнүн өткөрүп жатышты. Анан эртеси таң агарды. Куштар сайрап, назик үн салды. Жакын жерден молдонун азан чакырган керемет үнү теребелге дааны угулуп турду. Кайра жашоо башталып, кайра өмүр уланып кирди.

Алар эртең менен саал кечиреек ойгонушту. Жана түндөгү бүтпөй калган маекти кайра баштап киришти.

– Атын ким,-деп коём? Бул баланын атасы ким болот?

– Атынбы, Айкөл Манастын кырк чоросу бар эле Карачоро деп, коёбуз.

– Бул бала Манаска чоро болобу?

Тагай бий күлүп жиберди да:

– Манас баатыр кыргыздын эгеси бийик күнү ал бизден мурун эле жашап өткөн чоро деген баатырдыктын элесин берет. Менин балам баатыр болсун же, улуу баатырга чоро болсун. Сен баланы агаң Калимжандын баласы деп атай бер анан мезгили келгенде ал түшүнөөр.

Зулайка Тагайды аянычтуу карап турду да:

– Мейли ошондой эле дей берейин. Ал агамын баласы болуп менин тарбиямда өсө берсин. Анан сиз бат эле келесизби?

– Кеткен бойдон келбей калмак белем, сөзсүз келем балким, сени да Ала Тоого ала кетеермин

– Аны байкайлы,-деди Зулайка Тагай бийге.

Зулайка бийге белекке деп сонун канжар, бат атма мылтыкты, ошондой эле аябай сонун келиштире сайылган бир нече жүз аарчы, жана башка майда барат оокаттарды берди. Мунун баары эстүү аял мени дайыма унутпай жүрсүн деген белги эле. Бийдин өңүнөн ыраазы болгон жылуулук төгүлүп кубанычка батып турду.

Айланага күздүн айы жаңы башталган эле. Келгиндер асмандан муңдуу үн салып түштүк тарапка сапар тартып учуп өтүп жаткан. Алардын коштошуу үнү чар тарапка угулуп, пенделер дагы бир сонун жайдын кеткенин арман менен эскерип турушту. Түштүктүн ысыгы башталып, али күчүнөн кайтпай турду.

Баш кошкондор ажырашмай болду. Тагай бий улуу өкүмдар жана ордонун адамдары менен коштошуп жатты:

Алар:

– Дагы келип турсаңыз экен.

– Биздин кыргыз туугандарга салам айтыңыз.

– Сапарыңыз байсалдуу болсун! Элиңизди ордого каршы алып чыкпаңыз, антсеңиз өмүрүңүз опурталдуу болуп калат.

– Жакшы барыңыз.

– Өзүңөр да жакшы калгыла силердин сыйыңарга ырахмат.

Дарбазадан ары Тагай бийди ээрчип Зулайка кошо барды. Аял чыдай албай айтты:

– Кайра келесизби?

– Сөзсүз келем сени таштасам да баланы кантип таштайм.

– Анда жолуңуз болсун!

– Өзүңө кара аман-эсен төрөп ал. Денеңе зыян болот оор нерсе көтөрбө! Ар дайыма жылуу жүр. Биздин тагдырыбыз кандай болот билбейм, кыргызда Манас баатыр болгон. Эл чабылып, Каныкей эне төркүнүнө качып барып, анын уулу Семетей ошол таякелеринде өскөн. Качан он экиге келгенде ал ата конушун билип, ошол тарапка аттанган. Дагы айтам баланын атын Карачоро койгун. Кыз болсо өзүң бил. Сенин ата-тегиң кыргыз, болгондо да бийдин уулусуң деп айт!

– Макул айтам,-деп Зулайка Тагай бийди аянычтуу карады. Аялдын көзүнөн эки мончок жаш сыгыла агылып жерге түштү.

Тагай бий жана анын жигиттери аттарын камчылап, чоң сапарга аттанышты. Аттардын туягынын дүбүртү айланага угулуп турду. Зулайка атчан кетип бараткандарды телмирип карап турат. Атчандардын арасында Тагай бий бурулуп артын карады; бактын түбүндө ак жоолук салынып, бир аял турат. Ал жоолугун алып булгалады. Бул тирүүлүктө жолугабызбы же, жолукпайбызбы деген жышаана болчу. Экөө тең бири-бирин карап аянычка батып турат.

Ошентип бий кеткенине эки айдан ашканда ажарлуу Зулайка көз жармай болду. Ургаачы тынсызданат деги эмне төрөйм, кызбы же эркекпи? Эркек болсо баласын чоңойтуп Ала Тоого ата-журтуна кеткиси келди. Ушул жерде ысыкта какталып, тургусу келбеди. Андан көрө балдарын багып, боз үйүнүн жүгүн ат, өгүзгө жүктөп, тоо-талаада бир жерден экинчи жерге көчүп, көчмөн турмушта жашай бергиси келди. Зулайканы эки аял төрөттү. Төрөтү бир аз оор болду анткени менен аман-эсен төрөп алды. Атасы айткандай эркек экен. Кудайга тобо! Артыбызда аталар атын унуттурбай тукум улаар бала калат. Баланын атын Тагай бий айткандай кудайга жалынып Карачоро деп койду. Ошентип бала бирде ыйлап, бирде күлүп, мезгилдин өтүшү менен чоңоё берди.

Андан бери он эки ай кезек менен алмашып, он эки жыл өткөн экен. Ошончо жолу жаз келип, ошончо жолу кыш кетти. Карачоро ордодо иштеген Зулайканын агасы Калимжандын баласы болуп, ошолордун үй-бүлөсү менен кошо чоңойду. Ал Зулайканы «эже» деп чакырчу. Ал кечке кошуна балдар менен ойнойт. Өзү теңдүү уландарга караганда боюу бийик, атасын тартып жотолуу эле. Ошондонбу өз күчүнө ишенип, башкаларга кордук көрсөтө койчу. Береги майда балдар биригип, Карачорону оюндан четтете баштады. Анысы аз келгенсип:

– Эй, атасы жок бала.

– Таштанды.

– Атаң сени таштап мал бакканы тоого кеткен.

– Сен атаңы таап албайсыңбы?

– Атасы жок селсаяк.

Карачоро ушул сөздөрдү угуп балдарды сабап кирди. Кичинекей балдар жеткирбей качып:

– Таштанды.

– Эй, атасы жок таштанды.

– Кыргыз баласы койчунун баласы.

– Атаң сени «бакпайм» деп өз жерине кеткен.

Кичнекей балдардын ата-энеси Карачоро менен урушуп:

– Эй, дардагай кичинекей балдарга эмне тийишесиң.

– Таштанды,-деп жатат.

– Таштанды эмей эмнесиң атаң кайда?

– Таштанды эмесмин.

– Таштандысың Ала Тоого качып кеткен атаңы таап ал!

Айлана ымырт болуп, күн кечтеп калган. Көчөнүн ызы-чуусу небак эле басылып, базарга барган соодагерлер эбак эле чөнтөктөрүнө пулду шыкап, үйлөрүнө кайтып келишкен.

Аялдардан катуу сөз угуп, Карачоро үйүнө барбай кечке шаарды аралап каңгып жүрдү. Аңгыча асмандан алсыз нур таратып жымыңдап жылдыздар чыкты. Бир аздан соң тегерек ай суйкайып, чыгыштан жаадырай калкып чыга келип, тарапка балбылдай нурун таратат. Касиеттүү айдын шооласын баардыгы оронуп жатты. Күндүз кечке сайраган куштар түн ичинде эс алууга киришти. Бир гана бөдөнөнүн «бытпылдык» деп сайраганы кайдадыр бир тараптан чыккан дабышы токтолбой турду. Серүүн жел адырдан түзөңдү карай кыймылын токтотпой желип жортот.

Ошол бойдон тагдырына таарынган бала үйгө кайтпай, шаардын четиндеги чабылган чөптүн арасына кирип түнөп үйүнө эртеси келди.

Зулайка:

– Уулум кайда жүрдүң сени издеп барбаган жерим, сурабаган кишим калбады, санаам санга бөлүнүп капага баттым. Чоңойгондо мени кууратат экенсиң го!?

– Досторум менен ойноп алардын үйүнө түнөп калдым.

Бала кечөөгүңкү окуяны айтып энесинин көңүлүн иренжиткиси келген жок. Бирок кыраакы эне кандайдыр бир оңтойсуз иштин жайын билип турду. Ошол окуя ошол болду.

Күндөрдүн биринде түш ченде Зулайка колуна баштык кармап, базарга бараткан. Сокмо дубалдын артында кандайдыр үндөр чыкты:

– Сен кыргызсың.

– Сени атаң таштап кеткен.

– Кет тооңо кой кайтар биякта эмне жүрөсүң.

– Биз сени оюнга кошпойбуз, атаң ордодо туткунда болгон. Аны Саид хан керек болсо өлтүрүп салат. Ушуларды мага энем айтып берген.

Аял акырын дубалдан башын чыгарып караса, Карачоро бир жакта майда балдар бир тарапта болуп айтышып жаткан экен.

– Кет кыргызыңа.

– Бул жерде эмне жүрөсүң.

Майда балдар Карачорого таш ыргытты эле, ал чуркап барып, бир баланы муштаса, тиги жыгылып ыйлап калды.

– Атама айтам кет кыргызыңа, өз жериңе!

Зулайка каардана кыйкырды:

– Ай, балдар чатагыңарды токтоткула, бул эмнеңер!

– Балаң өзү тийишип жатат.

Аял ачууланып:

– Менин балама жаман сөз айтпагыла!

Балдар чогулуп алып ары чуркап кетишти.

Карачоро катуу ыза болгон окшойт өпкөсү-өпкөсүнө батпай солуктап ыйлап энесин кучактап калды. Экөө ээрчише базарга барып, эне балага ар түркүн сонун буюмдарды сатып берди. Алар көп жерди кыдырып кайра үйүнө кайтып келишти. Баланын көңүлүндө бир кара так турганын эне туйду. Ал үйүнөн мейиз жеп, анан уктап калды. Анан көптө барып ойгонуп, көңүлү дале бейтап болуп турду. Энеси да андан бетер бушайман болду. Аял ойлонду. «Бул бала ичинен тынма экен. Мени менен мамиле түзөбү же көк беттенип ойлогон оюун бербейби?»

– Карачоро эмне болду балдар менен уруштуңбу?

– Уруштум алар биригип мага каршы чыгып жатат.

– Алар менен элдеш.

– Баары бириксе да мага алдары жетпейт.

«Бул атасын тарткан өжөр неме болот го, мени бакпай атасын издеп кетеер бекен» деп санаага батты.

Зулайка:

– Балдар менен эмнеге уруштуң?

– Аларды мен сабадым, энеке айтчы менин атам кайда?

– Сенин атаң Калимжан.

– Жок ал менин бакма атам, менин атам кыргыз экен, ал эл кайда?

– Алар алыс ыраак жерде.

– Биз жете алабызбы?

– Ат минген киши бир жарым айда же андан көп учурда жетет экен. Аякта тоолор, шаркырап аккан дарыялар, суулар, көлү бар экен анда алтын балык сүзүп жүрөт имиш.

Эне жумуш менен сыртка чыгып кетип калды. Ошондон кийин бала өзүнүн ата теги жөнүндө көп нерсени энесинен сурап билип алды. Дагы бир күнү мындай окуя болду. Бала Калимжанга караштуу болуп жүрбөдү беле. Бир күнү Карачоро оюн менен алаксып жүрүп, дарбазанын эшигин ачык таштайт. Үйдөн эки кой чыгып кетип дарексиз жоголот. Үйдөн чоң чатак чыгып, каарданган Калимжан баланы «Конушуңа кет сенин атаң Тагай бий» дейт. Бала ыйлап эки күн боюу оордунан турбай жатат. Таякеси кечирим сурап жалынат бала ага да болбой коёт. Акыры Калимжан жини келип:

 

– Атаңа кетсең кете бер,-дейт.

Көңүлү суган Карачоро энесин кыйнап:

– Атам жөнүндө дагы айтып берчи, мен баарын билип алайын,– дейт.

Ошондо Зулайканын көңүлү чөгүңкү тартып баардык болгон окуяны кенен кылып айтып берет. Атасы таштап кеткен баягы чүпөрөктү алып чыгып:

– Уулум бобу чүпөрөктө атаң берип кеткен нерсе бар, бул күмүш бычак, анан бобул болот өгөө сен ушуларды алып атаңа сапар тарсаң болот. Бул буюмдарды атаңа көрсөтсөң ал ишенет. Энеси баласына Тагай бий айткан сапар баруучу жолду, жол азыгын баарын камдады. Калимжан таякеси «бир чети өзүм баккан бала эле, жээн эл болбойт, желке тон болбойт» деп, баардык кам чомун белендеп, аны алыс сапарга узатууга даярдады. Бала жеерде атын камчыланып, алыс сапар жолго аттанды. Эне «бул ыраак жерге кантип жетет жолдо адашып кетпесе экен» деп капа болуп турду. Анан эле бир укмуш көрүнүш болду. Андай көрүнүштү эне бала биринчи жолу көрүп жаткан эле. Анан бийик көктөн Ак калпакчан, акбоз ат минген карыя зор токулуу кара аргымакты жетелеп жерге конот. Кара аргымактын канаты бар сыяктуу эч убакта чарчоочу түрү жок өңдөнөт.

Карыя:

– Балам каякка сапар алдың?

– Атам Тагай бий эле ошону издеп сапар жолго чыктым.

– Атаң каякта ошону билесиңби?

– Билем ал алыскы Теңир Тоодо мен ошого барышым керек. Ата тегимди ким экенимди билишим керек.

– Сен ошол жакка алдагы начар атты минип качан жетесиң, бобу кара аргымакты мин мен атаңдын жана кыргыздын колдоочусумун сага жолдон көз салып жүрүп отурам. Балага төрөлгөндө бир касиеттү нерсе ыйгарыш керек эле сага эч нерсе ыйгарылбай калган ошол үчүн сага бобу кара аргымакты жаратканым ыйгарып турат. Бул кара аргымак сен төрөлгөндө сени менен кошо төрөлгөн. Же сени колдоп жүрүүчү шыбагаң ырыскың болот.

Бала атага:

– Мага жардам бергениңиз үчүн ырахмат ата,-деди.

Акбоз минген карыя көздөн кайым болуп жоголду.

Эне таң калды. Баламын ата-теги касиеттүү жерден экен. Ал каалаган жерине аман-эсен жетет окшойт. Карачоро кара аргымакты минип каргадай болуп көрүнүп калды. Кара аргымактын эки капталында канаты бар эле. Эгерде балага коркунуч келсе, бала аргымакка катуу камчы салса ал абага көтөрүлүп учуп көздөн кайым болуп жоголот.

Эне менен бала коштошуп турду:

– Уулум эми жакшы бар. Менден атаңа салам айт. Мүмкүнчүлүгү болсо, бир келип кетсин. Ушунча жылдан бери энем сени унута элек күтүп жүрөт,– деп айт.

Атаңа алпарып бергин деп сонун тигилген көйнөк, жүз аарчы жана башка толгон буюмдарды баланын артмагына салып табыштады.

– Эне мен ошол жакта калайынбы, же кайра келейинби?

– Жайсыз болсо кайра кел,

– Кош бол кагылайын берекем, ата-бабаңын жерине аман жет, эсен болуп мени эстей жүр,– деп жашыды. Көзүнөн томолок жаштар арман болуп ылдый карай кулап жатты.

Каргадай бала жол улап кетип баратты. Эне кургур «баламын тагдыры татаал болбосо экен»– деп самады. Эне бир кезде Тагай бийди узатты эле эми анын оордуна бой тарттырып уулун ата журтуна узатып жатат. «Кайран өмүр тагдырым мага эмне шыбага ыйгарды экен». Байкуш эне өзүн аяп « тагдырда баары ойдогудай болсо» деп келечекти жакшылыкка жоруп турду. Тагай бийди аяп турду, атасын, ата журтун издеп бараткан каргадай баланы да аяп турду. «Мели көрүнгөн жерде жүрбөй ата конушун таап, өз элине жарыгы тийсе экен» деп эне кургур балага жакшылыкты самап турду.

Кара жол, кара аргымактын үстүндө каргадай бала.

Бала канаты бар кара аргымактын оозун коё берди. Жарыктык кара аргымак араң эле турган экен сызып жөнөдү. Ал кетип баратып артын бурулуп карады. Энеси жалгыз бактын түбүндө жоолугун булгап турган экен. Энесин аяп кайра келгиси келди. Бирок кара тулпар бир арыш алып алган соң кайра артына бурулаар эмес. Аргымак арыш кере учуп күйүп баратат. Аял кетип бараткан баласынын карааны үзүлгөнчө карап турду. «Жаратканым мен узаткан адамдарды коргой жүр!».

Баланы көрүп турган адамдар айтты:

– Кыргыз баласы Карачоро ата тегин издеп Ала Тоого баратат.

– Туура кылат өз жерин таап алсын.

– Ата конуш ар бир адамга ыйык болот.

– Булар касиеттүү кыргыз элдин тукуму.

Ал жол менен жалгыз кетип баратат. Жалгызга эч ким тийген жок. Алдыда жол да жалгыз, каргадай бала да жалгыз, асманда тийип турган күн да жалгыз. Баары жалгыз. Бир гана келечекти самап турган адамдын үмүтү жалгыз эмес. Аны бүтпөс ой кыял жетелеп жүрүп отурат.

Зулайка кыргыз жери анын кайда экенин өтө жакшы билчү. Балага ошонун баарын жакшы түшүндүрүп берген. Жарыктык касиеттүү кара аргымак жолдун нугун жакшы билет окшойт Каргадай баланы үстүнө кондуруп алып, бирде кара жолдо басып, бирде аба да канат кере учуп жүрүп отурду. Ал жүрүп отуруп, жүрүп отуруп түштүк жеринде кетип баратты. Тарапта куштардын сайраган үнү, жыш өскөн карагайлуу жылгалар. Береги жапан талдын башында күкүк конуп сайрап жатат. Балага анын үнү ыргактуу да армандуу да сезилди. Бул аймак балага жакты шагы ийлип ар түркүн мөмөлөр бышып турат. Айлана жөн эле бейишитин жериндей ыргалат. Бир жерде арстан жолборс кетип баратса, бир жерде бугу улагын ээрчитип баратат. Дагы бир жерде балага бейтааныш жаныбарлар жолукту. Бала ойлоду «Менин атам бейиш төгүлгөн жерден го» деп сүйүндү. Карачоро аттан түшүп эс алып жерге отурду. Арыдан адамдын баскан шыбырты угулду. Бала ошол жакты башын көтөрүп карады. Кийми суу болуп, арып-ачып, чачы өскөн сап-сары бир бала келатат. Чоочун бала Карачородон айбыгып, анын жанына келип колун сунуп:

– Салам алекум.

– Алеки салам. Эмне суу болуп кайдан келатасың?

Берки бала көңүлсүз:

– Биздин жердин байы атамы жигиттерине сабаткан. Атам жини келип анын жакын туугандарын жок кылып таштаган. Каарданган бай өлсүн деп энеми, атамы, мени жип менен ташка байлатып, сууга чөктүрүшкөн. Атам энем сууга чөгүп өлдү. Аларды таппайм, кайрандарыман түбөлүк ажырадым, менин жибим үзүлүп кетип, суудан калкып чыгып тирүү калып, жашоо үчүн жай издеп баратам,-деп бала ыйлап жиберди. Ал жонуна асынган баштыгын көрсөтүп, азыгым өтө аз калды. Жегенге азык издеп жер кыдырып баратам. Азыгым түгөнчө ачкадан өлчүдөймүн.

Карачоро балага көңүл айтып сооротуп, – Мен атамы издеп бараткан баламын жүрү мени менен кошо. атыма учкаш.

Ошентип эки бала атты минип андан ары жол тартты. Бирок Карачоронун көңүлүндө бүдөмүк бир нерсе бар эле. Атам мени эмне кылаар экен. Аны мурун көрө элек элем. Аны менен мамилем келишеер бекен же кайра келемби, кандай күндөр болот. Каргадай       эки бала кара аттын үстүндө келатат.

Алгачкы күндөрү күн ачык болуп, айлана жылуу тартып мээримдүү мемиреп турду. Жаратылыш эне эчак эле жанданып, куштар ырын төгөт. Жандыктар небак төлдөп, эл небак жайлоого көчкөн убак болчу. Эки баланын сапары кээде түз, кээде дөңдү, кээде тоону аралап жүрүп отурду. Карачоро ата тегин, жети атасынын жолдорун издеп кетип баратат. Өзүн жараткан бабаларына барып кошулгусу келет. Алар баратып шаркырап иримдеп агып жаткан сууга келди. Атынын ооздугун чыгарып, жылкы жаныбарга суу ичирип, чөп чалдырды. Экөө чөптүн арасына барып азыгын жайып тамактанышат. Ошол жерге эс алып укташты. Эртеси таң агарды, куландан соо болуп жаткан жеринен турушту. Алар жолдон калбайлы деп камынып кайра сапарга аттанышты. Эки бала канаты бар кара аргымакты минип, бирде булутка кирсе, бирде ачык асманда шамал менен жарышып, касиеттүү кыргыз жерине келатты. Эки баланын жаадыраган келечеги канаттуу кара аттай, асманда сызгысы келет. Балалык күн ошонусу менен бакытка жетет эмеспи. Асманда уча берип дулдул кара аргымак чарчаган окшойт жерге келип конду да, эс алды. Балдар да буту колун жайып аларда эс алып, тамагын ичип таттуу уйкуга киришти. Эртеси эң сонун абалда ойгонушту. Алар тамак ичип жатканда, аларга кийген кийми айрылып, чач, тырмагы өскөн жүдөгөн бир бала жолугуп Карачоро ага:

– Эй, бала сен кайда баратасың?

– Чукулда биздин жерде ынтымагы жок туугандар бийлик талашып согуш болду. Азаптуу ошол согушта адамдар таланып тентишти. Ата-энемен айрылып жалгыз өзүм калып, тентип селсаяк болуп келатам.

– Кел селсаяк болбой бизге кошул,-деди Карачоро.